• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда диний кырдаал талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында Ысык-Көл мамлекеттик администрациясында КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы №315-буйругу менен бекитилген 2015-2020-жылдар аралыгындагы иш чаралардын планын аткаруу максатында ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы алектенүү кызматы тарабынан «Экстремизм жана терроризмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери» аталышындагы семинары болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын сайтында маалымдалат.

Аталган семинарга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү, шаардык билим берүү башкармалыгы, мугалимдер, ак халатчандар, социалдык тармактын адистери, мэрия өкүлдөрү, райондук администрация башчылары жана дин кызматкерлери катышып, терс диний агымдардын алдын алуу маселесин талкуулашты. Муну менен катар катышуучулар экстремизм жана терроризмдин алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташууну бекемдөө жана коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий