• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Эстония менен кош салык салуудан качуу макулдашуусун ратификациялады

Президент 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 10-апрелинде Таллин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыктарды төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө эл аралык Макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиге ээ болгон экинчи мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу тараптын ар биринин укугун чектөөнүн эрежесин аныктайт. Ошол эле учурда бул жоболорду ишке ашыруунун ыкмалары салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт.

Мындан тышкары бул Макулдашуу биринчи мамлекеттин резидентин экинчи мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргойт. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу салык салуудан качууга же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий