• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган вариантына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 15.12.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамды өркүндөтүү жана бир калыпка келтирүү, кызыкчылыктардын кагылышуусун өз учурунда аныктоо, алдын алуу жана жөнгө салуу, ошондой эле мамлекеттик органдарга жана кызматкерлерге жалпы мамлекеттик башкаруу системасында расмий саясый жана административдик чечимдерди кабыл алууда чынчыл болушуна практикалык жардам көрсөтүү.
Мыйзам кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу институтун өркүндөтүүгө, кызмат адамдары коррупцияга алып келчү кырдаалга туш келчү кырдаалдардын санын кыскартууга багытталган.
Мыйзам мамлекеттик, муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын, ишмердиги мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилеринин ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруунун уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий