• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Баткен облусундагы маселелерге арналган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ага Президенттик Аппараттын, Коопсуздук кеңешинин, күч органдарынын, Баткен облусунун жетекчилиги катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын бекемдиги, аймактык бүтүндүгү улуттук кызыкчылыктардын негизи, ал эми бүгүнкү күндөгү артыкчылыктуу багыт — чек арага жакын жашаган жарандардын коопсуздугун, ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу экенин баса белгиледи.

«Коңшуларыбыз менен достук мамилени сактоо жана өнүктүрүү Кыргызстан үчүн маанилүү. Муну менен бирге, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жашоо шарттарынын деңгээлин жогорулатуу, ички жана тышкы миграцияны азайтуу, инфраструктуралык объектилерди куруу дагы абдан маанилүү», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн аптада Баткен облусуна иш сапар менен барганын эске салды. Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрүн чечүү багытында ырааттуу иш жүргүзүлө тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий