• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ӨКМнин кызматкерлери Түркияда куткаруу иштерин улантууда

Коом 0


Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга келген Кыргызстандын куткаруучулары 9-февраль саат 4:50гө карата (жергиликтүү убакыт боюнча) урандылардын астынан 19 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Учуруда издөө-куткаруу иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адам, жабыркагандардын саны 52 миң 979 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий