• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрү фондунан билдиришти.

Фестиваль "Манас" кинотеатрында 12-15-декабрь күндөрү болуп өттү.

Быйыл фестивалга 700дөн ашык билдирүү келип түшкөн. Алардын арасынан улуттук сынакка 17 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган.

Кинофестиваль эки сынактык программадан – улуттук жана эл аралык программадан турган.

Улуттук сынакта сыйлык алгандар:

- "Мыкты тасма": «Традиция», режиссеру – Жанузак Мамытов;

- "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү": «Родной край», режиссеру – Гүлнара Айтмаматова, Азамат Асанбеков;

- "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы": «51+», режиссеру – Данияр Абиров;

- "Мыкты режиссердук иш": «Друг мой – враг мой», режиссеру – Сүйүмкан Сулайманова;

- "Калыстар тобунун атайын эскертмеси" диплому: "Полигон", режиссеру – Дмитрий Лужанский.

Эл аралык сынак:

- "Мыкты тасма": «Коллектив. Я», режиссеру – Адриана Розе (Латвия);

- "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү": «В темноте», режиссеру – Максим Капля (Россия);

- "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы": «Подсолнух», режиссеру – Чыңгыз Сулумбеков (Кыргызстан);

- "Мыкты режиссердук иш": «В радости и в только радости”, режиссеру – Марина Рощина (Украина).

Пикир

Оставить комментарий