• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жөө жүрүш жана флешмоб. Бишкекте Ак калпак күнү белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бишкекте 5-мартта “Ак калпак жана улуттук кийимдердин" күнү салтанаттуу белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарындагы “Ынтьмак-2” сейил багында өтөт. Анда жөө жүрүш, флешмоб (калпак бий), “Кыргыздардын салттуу кийими” үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер класстар өтүп, концерттик программа менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий