• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалына 12 кыргыз тасмасы катышат

Маданият 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” эл аралык кино фестивалы улуттук сынагына Кыргызстандан 12 тасма катышат. Бул тууралуу уюштуруу комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-сентябрынан 18-сентябрына чейин КМШ өлкөлөрүнүн, Балтика жана Грузиянын жыл сайын өтүүчү Эл аралык кинофестивалы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестиваль өтөт.

Кинофестивалга 12 кыргыз тасмасы катышат:

  • «Ак кел» - режисеру Айбек Байымбетов;
  • «Балапан» - режисеру Данияр Абиров;
  • «Близнецы после девяти» - режисеру Лунара Жээнбекова;
  • «Девочка» - режисеру Айпери Усманова;
  • «Дом» - режисеру Алтынкыз Шаршенкулова;
  • «Лифт помощи» - режисеру Чолпон Асанбаева;
  • «Мать» - режисеру Бекзат Туратбек уулу;
  • «На лодке» - режисеру Байзак Маматалиев;
  • «Скамейка» - режисеру Арсен Дюшекеев;
  • «Скользкая дорога» - режисеру Гульнара Айтмаматова;
  • «Үкөй» - режисеру Аман Ажыматов;
  • «Шаги» - режисеру Жанайым Ашимова.

Ал эми эл аралык сынактын тизмеси 3-сентябрда жарыяланат.

Тасманы көрсөтүү КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун (IFES), КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин, "Айтыш" коомдук фондунун жана маданий кызматташтык фондунун колдоосу менен өтөт.

Кинофестиваль эки сынактык программаны камтыйт: эл аралык жана улуттук, анда фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар сыяктуу жанрлар көрсөтүлөт. Бул жылы кинофестивалга катышуу үчүн чет элдик жана ата мекендик кинематографисттерден жалпы 500дөн ашык билдирүү түшкөн.

Кинофестивалдын салтанаттуу ачылышы 14-сентябрь саат 12:00дө “Манас” кинотеатрында өтөт, ал эми 17-сентябрь саат 16:00дө “Эң мыкты тасма”, “Эң мыкты режиссер”, “Калыстардын атайын сыйлыгы” жана “Көрүүчүлөрдүн тандоосу боюнча сыйлык” наамдары боюнча жеңүүчүлөр жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий