• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күзүндө Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Күзүндө Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу маалымат Стамбул шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин түркиялык кесиптеши Мевлюд Чавушоглу менен жолугушуусунда белгилүү болду.

ТИМден билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын экономика жана соода, коопсуздук жана коргонуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, транспорт жана энергетика, маданият, туризм, спорт сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну жана координациялоону тереңдетүүнү колдошту. Бул жаатта эки тараптуу жана көп тараптуу механизмдерди максималдуу колдонууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий