• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марат Иманкулов жаңы чакырыктарды нейтралдаштырууда комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын белгиледи

Саясат 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 19-августта, Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларустун жана Монголиянын Коопсуздук кеңештеринин катчылары, Индиянын Премьер-министринин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары, Кытайдын коомдук коопсуздук министри (онлайн), Пакистан өкмөтүнүн Улуттук коопсуздугунун бөлүмүнүн катчысы, ШКУнун Башкы катчысы, ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору катышты.

Жолугушуунун күн тартиби ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, мыйзамсыз курал-жарак жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, ошондой эле эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоону камтыйт.

Марат Иманкулов өз сөзүндө ШКУ мейкиндигинде коопсуздуктун абалы Ооганстандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу экенин, ошондуктан афган маселелери боюнча эл аралык кызматташтыктын негизги приоритети экономиканы жандандыруу, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана регион ​​аралык процесстерге интеграциялануусуна көмөктөшүү болушу керектигин белгиледи..

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчысы жаңы чакырыктардын жана коркунучтардын, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, трансчек аралык уюшкан кылмыштуулуктун иш-аракеттери бул кооптуу көрүнүштөрдү зыянсыздандырууга комплекстүү мамилени талап кылып жаткандыгын белгиледи.

“Бул контекстте ШКУ геосаясий өнүгүүнүн маанилүү борборлорунун бири болуу менен “үч коркунучтун” (терроризм, экстремизм, сепаратизм) күчтөрүнө каршы туруу боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгууну жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча кеңири спектрдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат”, - деди Марат Иманкулов өз сөзүндө.

Пикир

Оставить комментарий