• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Армениянын премьерине соода борборундагы жарылууга байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров «Сурмалу» соода борборундагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий