• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Анкарада "Чыңгыз Айтматовдун күндөрү" эл аралык симпозиуму өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында 9-октябрдан 10-октябрга чейин "Чыңгыз Айтматовдун күндөрү" III эл аралык симпозиуму болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Төрөкул Айтматовдун 120 жылдыгына арналган.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чингиз Айдарбеков, коомдук ишмер, Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик партиялык жана коомдук ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Анкара университетинин ректору Неждет Үнүвар, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов жана башкалар катышты.

“Чыңгыз Айтматовдун күндөрү” III эл аралык симпозиуму улуу мурасты сактоого жана жайылтууга багытталган эскерүү демилгеси болуп саналат.

Бул симпозиум Түрксой, ТИКА, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Анкара университети, КР Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы институту тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий