• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан мамлекеттик ЖОЖдорду өнүктүрүүгө $25 млн карыз алууну пландоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Кыргызстан мамлекеттик ЖОЖдорду өнүктүрүүгө 25 млн доллар карыз алууну аландоодо. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 25 млн доллар суммасындагы каржылоо жөнүндө макулдашуунун (жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар долбоору) долбоору каралды.

Бул багыттагы маалыматтар менен Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу тааныштырды.

Долбоор өлкөдө өзгөчө макамы бар 5 окуу жайдын техникалык базасын чыңдоо максатында аткарылууда, тактап айтканда аталган окуу жайларда 5 илимий изилдөө хабдарын түзүү жана колдоо көрсөтүү каралууда. Каражаттын 19,7 млн долларына 5 университетке беш багыттагы лабораториялык жабдыктарды сатып алууга керектелет.

Пикир

Оставить комментарий