• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Мектептердин коопсуздугу жөнүндө декларацияга кошулууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги министрлер кабинетинин "Мектептердин коопсуздугу боюнча декларацияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" токтомунун долбоорун коомдук талкууга койду.

Негиздемеге ылайык, Билим берүү мекемелерин коргоо боюнча глобалдык коалиция (GCPEA) Кыргызстанга Мектептердин коопсуздугу жөнүндө декларациясына кошулуу сунушу менен кайрылган.

Деклорациянын негизги милдети КРда аскердик жаңжалдар учурунда билим берүү уюмдарын коргоо, андан тышкары куралдуу кагылышуу жана аскердик аракеттер учурунда үзгүлтүксз билим алуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мектептердин коопсуздугу жөнүндө деклорацияга кошулуу мектептерди куралдуу күчтөрдүн жана куралдуу мамлекеттик эмес топтордун тиешелүү эл аралык мыйзамдарды бузуу менен пайдалануусуна жол бербөө боюнча конкреттүү чараларды кароого мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий