• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Ага-Хан уюмунун өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ага-Хандын өнүктүрүү боюнча уюмунун (АКДН) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен АКДНдин кызматташтык маселелерин жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү тармактарындагы өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Тоолуу аймактардын өнүгүүсүн колдоого багытталган АКДНдин Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан программалары Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашырууга жардам берери белгиленди.

Министр Чыңгыз Айдарбеков АКДНдин долбоорлору жана программалары мындан ары да Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнө жардам берерине үмүт артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий