• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Элчи Жумалиев Белгиянын королуна ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Белгиядагы элчиси Муктар Жумалиев Белгиянын королу Филиппке ишеним грамотасын тапшырды.

КРнын Белгиядагы элчилигинен кабарлашкандай, иш-чара Брюссель шаарындагы королдун сарайында өткөн.

"Элчи Жумалиев Белгиянын королу менен болгон сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын президенти С.Жээнбековдун атынан салам сөздөрүн жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерин мындан ары өнүгүүсү тууралуу жылуу каалоолорун айтып тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле элчи өлкө жетекчилигинин кыргыз-белгиялык мамилелерин өнүгүүнүн жогору дэңгээлине чыгарууга жогору ишенимин аткарууга бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий