• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Нидерландынын ТИМ башчылары саясий диалогду бекемдөөнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нидерланды Королдугунун тышкы иштер министри Бен Кнапен менен жолугушту. Бул тууралуу

Маалыматка ылайык, министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн бардык спектрин активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгынын алдында тараптар 2022-жылы юбилейлик датаны белгилөө боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын талкуулашты. Ушуга байланыштуу саясий диалогду бекемдөө, бизнес өнөктөштүктү түзүү жана колдонмо кызыгуу жаатында (айыл чарба, жашыл энергетика, маалыматтык технологиялар, логистика, креативдүү индустрия, билим берүү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү, туризм) тажрыйба алмашуу максатында расмий делегациялардын жана бизнес миссиялардын өз ара сапарларын уюштуруу маселеси талкууланды.

Министр Казакбаев Кыргыз Республикасы менен Нидерланддардын ортосундагы 2022-2025-жылдарга кызматташуу боюнча Жол картасынын долбоорун жана 2022-жылы дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар планынын долбоорун сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Кош салык салуудан качуу боюнча макулдашуунун жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз тарап инвестицияны илгерилетүү жана коргоо, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар, билим берүү жана илим, маданият, туризм жана спорт тармагында кызматташуу боюнча макулдашуулардын долбоорлорун тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий