• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Азербайжандын экономика министрлери кызматташтыкты талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын экономика министрлери Данияр Амангелдиев жана Микайил Чыңгыз оглы Джаббаров кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 70-сессиясынын алкагында Женевада өткөн.

Министрлер эки өлкө ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, 2023-жылдын июнь айына белгиленген Кыргыз-Азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынын өткөрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иш жүзүндө ишке кириши боюнча маселелерди карап, КР министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы АКӨФун түзүү жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду аякташты.

Пикир

Оставить комментарий