• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Беларустун соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Тышкы иштер министрлигине караштуу Маркетинг жана бааларды изилдөө улуттук борборунун башчысы Николай Борисевич менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн бизнес делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Элчи Эрбол Султанбаев Кыргызстандын экспорттук потенциалы жана ата мекендик экспорттук продукциясы тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Николай Борисевич Беларустун экспортун илгерилетүү, мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана маркетинг кызматтарды көрсөтүү боюнча Улуттук борбордун ишмердүүлүгү жана тажрыйбасы боюнча маалымат берди.

Ошону менен бирге ал кыргызстандык өнөктөштөр менен өз ара байланышты түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын Протоколунун аткарылышынын жүрүшүн талкуулап, анын айрым пункттарын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий