• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

МСК Баткен жана Ош облустарында салык маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Экономика 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик участогундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан Баткен жана Ош облустарынын ишкерлеринин арасында салык салуунун актуалдуу маселелери, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери салык төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүлөрдүн категориялары, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын, туум жана айыптардын суммасын кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүктөрү, отчетторду берүү мөөнөттөрү жөнүндө айтып беришти, ошондой эле ушул жылдын сентябрь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан салык төлөөчүлөрдү мамлекеттик колдоонун башка чаралары жөнүндө маалымдашты.

Атап айтканда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда жайгашкан чек ара жанындагы калктуу пункттарда өз ишин жүргүзгөн ишкерлердин тизмесине киргизилген (күйүүчү-майлоочу материалдарды, тоо-кен иштерин жана резидент эместерди кошпогондо) 2022-жылдын 14-17-сентябрында жабыр тарткан ишкердик субъекттери 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-январына чейинки мезгилде киреше салыгын, пайда салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, бирдиктүү салыкты, патенттин негизиндеги салыкты төлөөдөн бошотулгандыгы түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып 2023-жылдын 1-мартына чейинки мезгилде аталган субъекттер банктык кепилдикти көрсөтпөстөн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын, туум жана айыптар боюнча суммасын кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.

Салык кызматынын кызматкерлери белгилегендей, жабыр тарткан ишкерлер 2023-жылдын 1-мартына чейин жазуу жүзүндөгү арызсыз 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 1-мартына чейинки мезгил үчүн ЕАЭБден товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун кошпогондо, салык отчетторун жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту берүүгө укуктуу.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Баткен облусунда 169 салык төлөөчү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык топтор тарабынан 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын жүрүшүндө жабыр тарткандар катары аныкталган жана тастыкталган. Алардын ичинен Баткен шаарында – 1, Баткен районунда – 29, Лейлек районунда – 139.

Семинардын аягында уюштуруучулар жолугушуунун катышуучуларынын бардык суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий