• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын үч шаарында чочко тумоосунун 56 учуру аныкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен оорунун стандарттык аныктамаларына ылайык, бейтаптар сасык тумоого карата текшерүүдөн өтөт.

Октябрдан тарта азыркы учурга чейин бардыгы болуп 914 үлгү текшерилди, анын ичинен A/H1N1pdm тумоосу (чочко) 39,3% (56), В тумоосу - 42,8% (80), A/H3N2 тумоосу - (3) оң натыйжа көрсөткөн .

Эске салсак, октябрдан 8-декабрга чейин Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 34 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий