• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына компьютердик томограф тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына Optima CT520 16sl компьютердик томографы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, томографка кошуп үзгүлтүксүз кубаттандыруу булагы да тапшырылды. Жабдуунун наркы 34 млн сомдон ашык.

Кымбат баалуу жабдуунун тапшыруу аземи саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана ПРООН долбоорунун/ “АИВ жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” Глобалдык фондунун координатору Инга Бабичеванын катышуусунда өттү.

Жабдуу ПРООН долбоорунун/ “АИВ жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” Глобалдык фондунун 2020-жылы үнөмдөлгөн каражатына сатылып алынган.

“COVID-19 пандемиясынын маалында компьютердик томография саламаттык сактоо тармагы үчүнн маанилүү жана керектүү жабдуу болуп калды. ПРООНдо биз ар өмүр баалуу, маанилүү экенине ишенебиз, бул саамалык биздин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен болгон туруктуу жана жемиштүү кызматташтыгыбызды далилдейт ”,- деди ПРООН долбоорунун/ “АИВ жана кургак учукка натыйжалуу көзөмөл” Глобалдык фондунун координатору Инга Бабичева

Алдын ала макулдашууга ылайык, азыркы тапта КТ Жугуштуу оорулар ооруканасына дарыланууга келген бейтаптарга, ошондой эле кургак учук менен ооруган бейтаптарга, анын ичинде балдарга жана коронавирус жуктуруп алган Адамдын иммунодефициттик вирусу (АИВ) бар адамдарга акысыз кызмат көрсөтөт.

"COVID-19 тарап баштагандан бери, биз коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды эрте дарт аныктоо жана андан ары дарылоо үчүн заманбап технологияларга болгон муктаждыкты сездик. Биз COVID-19ду аныктоону жана дарылоону кыйла жакшыртуучу мындай кымбат жабдууну тапшырып жаткан өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем", - деди өз сөзүндө саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

“Диагностикалык түгөйлөр – ПЧР жана өпкөнүн КТ коронавирусту аныктоодо жаңылыштык кетирүү тобокелдигин азайтат.

Жөнөкөй рентген менен салыштырганда, бул маалыматты көбүрөөк берүүчү ыкма. Себеби рентген өпкөнүн 30% жабыркаган 1 жана 2 стадиядагы вирустук пневмониянын белгилерин көрсөтпөйт. Ошондой эле вирустук жана бактериялык пневмониянын дифференциалдык дарт аныктоосу да кыйыныраак. Бүгүнкү күндө вирустук пневмонияны аныктоонун “алтын стандарты” болуп өпкөнүн компьтердик томографиясы эсептелет. КТ жардамы менен биз ооруканабызда дарыланып жаткан бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулата алабыз ”, - деп билдирди оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий