• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жумушсуздар кандай акысыз медициналык кызматтарга ишенсе болот? Жооп

Ден соолук 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын расмий катталган жумушсуз жарандарына камсыздандырылган жарандар катары медициналык кызмат көрсөтүлөт, деп билдирди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүндө расмий каттоодон өтүү зарыл.

Үй-бүлөлүк медицина борборунда же Амбулатория-диагностикалык же Клиника-диагностикалык бөлүмдөрдө кандай медициналык кызматтар көрсөтүлөт:

  • адистердин текшерүүсү, консультациясы, дарылоону дайындоо;
  • врачтын жолдомосу менен: эмдөөлөрдү жүргүзүү;
  • дары-дармектерди жана шприцтерди бербестен ийне саюу (укол);
  • 12 базалык анализдерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү (кандын, зааранын жалпы анализи, канда, заарада кантты аныктоо, канда холестеринди аныктоо, кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган бейтаптарга жылына 1 жолу), какырыктын анализи (мазоктун микроскопиясы), уретралдык жана вагиналдык мазоктун микроскопиясы, электрокардиограмма (ЭКГ), 18 жашка чейинки балдардын көрүү курчтугун өлчөө).
  • кымбат баалуу жана жогорку технологиялуу изилдөөлөрдөн тышкары, кошумча, көбүнчө дайындалган жана талап кылынган лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү.
  • 50 % - реабилитациялык жана физиотерапиялык жардамга акы төлөө;
  • 50 % - күндүзгү стационардагы кызматтарга акы төлөө (дары-дармектерди, системаларды жана шприцтерди бербестен);
  • 50% арзандатуу менен УЗИ изилдөө жана рентгенография.

Ооруканага жаткырууда кандай шарттар аткарылышы керек:

Үй-бүлөлүк дарыгерден жолдомо болгон учурда расмий катталган жумушсуздар стационардын деңгээлине жараша орто деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөшөт.

Алсак, терапевттик профилдеги республикалык стационарларга (терапия, неврология, эндокринология ж.б. бөлүмдөрү) кассага - 1160 сом төлөшөт. Хирургиялык бөлүмдөргө - 1510 сом.

Башка ооруканага (шаардык, аймактык) кошумча төлөм 840 сом (терапевттик профиль) жана 1090 сом (хирургиялык профиль) төлөшөт.

Эскерте кетсек, жумушсуз жарандын расмий каттоосу жок болгон учурда Үй-бүлөлүк медицина борборунда 12 базалык изилдөөдөн тышкары жогоруда көрсөтүлгөн жеңилдетилген медициналык кызматтар жокко чыгарылат. Медициналык кызматтар Прейскурант боюнча төлөнөт. Ооруканага жаткырууда кошумча төлөмдүн максималдуу суммасы төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий