• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Лейлекте соцтармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Лейлекте социалдык тармактарда экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-жылдары "Одноклассник" социалдык түйүнүндө Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык болгон материалдарды жайылтып жүргөн Лейлек районунун Ак-Суу айылынын 34 жаштагы К.А.аттуу тургуну кармалды.

Бул факт Лейлек РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, шектүү катары кармалган К.А. убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий