• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-январында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда тараптар Казакстандагы кырдаалдын өнүгүшү боюнча пикир алмашты. Кыргызстандын жетекчилигинин жана элинин бир тууган казак элине кризисти жөнгө салууда жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыздоодо колдоосу белгиленди.

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоодо тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо максатында жакынкы келечектеги келишимдерди жана пландарды ырааттуу ишке ашыруу ниетин ырасташты. Бул жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштурууну, Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуну жана Көп жылдык индикативдик программанын алкагында долбоордук жана программалык өз ара аракеттенүүнү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий