• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Финляндия ТИМдеринин ортосунда саясий консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Хельсинки шаарында Кыргызстан менен Финляндия Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда Үчүнчү саясий департаменттин директору Бакыт Жусупов менен Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия менен кызматташуу боюнча департаменттин башкы директору Мария Лийваланын деңгээлинде саясий консультациялар болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев жана Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист катышты.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты. Эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнүн, ар түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Учурдагы потенциалды эске алуу менен тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, гидроэнергетика, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен өндүрүшү, санариптештирүү, туризм жана башка тармактарга инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууну күчөтүү боюнча пикирди карманышарын билдиришти. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип, 2024-жылдын март айында Бишкекте бизнес-форум уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар ошондой эле билим берүү, миграция жана жарандарды ишке орноштуруу жаатында туруктуу кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдардын алкагында алгылыктуу өз ара аракеттенүүнү белгилешип, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты

Пикир

Оставить комментарий