• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Борбордук Азия + Япония” диалогунун жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

Саясат 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда Япония тарабынын төрагалыгы астында видеоконференция форматында “Борбордук Азия + Япония” диалогунун жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн 14-жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңештин ишине КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров катышты.

Тараптар транспорт жана логистика, соода, саламаттыкты сактоо жана медицина, туризм, билим берүү, аймактык коопсуздук жаатында кызматташуу сыяктуу тармактарда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган диалог аянтчасынын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты жана 2022-жылы өтө турган Борбор Азия мамлекеттери менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Форумду мындан ары илгерилетүү боюнча пикир алмашышты.

Министрдин орун басары А.Мадмаров өз сөзүндө кыргыз тараптын аймактык маанидеги конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Диалогго катышуучу-өлкөлөр менен практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Аны менен бирге онлайн жолугушуу учурунда, жыйындын катышуучулары 2021-жылы күзүндө Токио шаарында бетме-бет форматында өткөрүлүшү пландалган “Борбордук Азия + Япония” диалогунун тышкы иштер министирлеринин 8-жыйынына боло турчу даярдыктарды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий