• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин таштанды полигонунда белгисиз адамдар өрт коюшкан

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкекте 2021-жылдын 15-июнунан 16-июнга караган түнү иштеп жаткан таштанды төгүлүүчү жайды өрттөө иш-аракети болгон. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөө белгисиз адамдар тарабынан таштанды таштоочу жайдын 3- 5-картасынын аймагында болгон.

"Бул факт боюнча "Бишкек шаарынын таштанды полигону" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги укук коргоо органдарына арыз менен кайрылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, түтүндү азайтуу максатында ишкананын жетекчиси Адил Назаров менен Эстониялык «Эхитус Раан и Тулберг» компаниясынын филиалынын директору Яанус Пэзттин ортосунда өрттү топурак менен өчүрүү үчүн бир экскаватор жана 3 дуппер (самосвал) менен камсыз кылуу боюнча келишимге макулдашылган.

Полигондун аймагында өрттү өчүрүү үчүн 150 машина топурак алынып келинген. Ишкана унааларды күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий