• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 60 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.11.23./Кабар/. Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында "Акбермет" аттуу бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демөөрчүлөр, депутаттар, жергиликтүү тургундар жана башка ардактуу коноктор катышты.

Белгиленгендей, бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталып, бүгүнкү күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мекеме эки тайпага ылайыкталган, анда 60ка чейин бала тарбияланат. Бала бакчанын аянты 180 чарчы метр, 0,5 гектар аянтты ээлейт. Курулуштун жалпы баасы 16 млн сомду түздү.

Бала бакча көмүрдү колдонууга ылайыкталган жылытуу системасы менен жабдылган, ошондой эле бала бакчада балдардын коопсуздугу үчүн суу түтүктөрү орнотулуп, өрт сигнализациясы орнотулган.

Долбоор Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Кененбаев Арсланбек Болотбекович тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий