• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда өлкөнүн айрым аймактарында жана борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаашы күтүлөт. Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1...-3 градус суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…1 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус.

Пикир

Оставить комментарий