• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев III Анталия Дипломатиялык форумунун алкагында Малайзиянын Жогорку билим берүү министри Замбри Абдул Кадир менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-малайзия кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун мындан аркы жолдорун талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев Малайзиянын экс-тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирдин өткөн жылдын июль айында Кыргызстанга болгон биринчи сапары кыргыз-малайзия кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзгөнүн канааттануу менен белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы мурдагы кесиптешин Малайзиянын Жогорку билим берүү министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Кыргыз тарап билим берүү технологиялары жаатында кызматташууну жана билим алмашууну бекемдөөгө, ошондой эле билим берүүнү санариптештирүү жаатында Малайзиянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Замбри Абдул Кадир Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелер достукка жана өз ара сый-урматка негизделгенин баса белгилеп, малайзиялык тараптын эки тараптуу форматта, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча биргелешкен активдүү иштөөгө даярдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий