• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы аскердик кызматташтык талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов жаңы дайындалган Пакистандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы жана келечектеги эл аралык аскердик кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик байланышты кеңейтүү жана бекемдөөгө арналган биргелешкен иш-аракеттердин мааниси белгиленип, тараптар аскердик багыттагы кызматташууну мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий