• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы алакаларды бекемдөө маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов аталган өлкөнүн Зекет, салык жана бажы кызматынын башчысы Сухайл бин Мухаммад Абанми менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, ошондой эле салык жана бажы тармагында кызматташууну өнүктүрүүнүн практикалык аспектилерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий