• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сербиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 05.04.23./Кабар/. Сербия Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич бүгүн, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тосуп алды.

Сапардын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо максатында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин серб кесиптеши менен жолугушуусу болот.

Пикир

Оставить комментарий