• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Москвадагы терактыны кескин айыптайт — КР ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Кыргызстан 22-мартта "Крокус Сити Холлдо" көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Терроризм бардык формасында тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий