• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Россия менен темир жол жана авто жол байланышын калыбына келтирүү зарыл деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстан Россия менен темир жол жана авто жол байланышын калыбына келтирүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу Бишкектеги брифингдин жүрүшүндө экономика жана коммерция министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, пандемия башталган тарта Россия менен Кыргызстандын ортосунда авиакаттамдар гана иш жүргүзүүдө. Азыркы учурда темир жол каттамдарын жана авто жол байланышын калыбына келтирүү боюнча маселелер каралып жатат.

Элдар Алишеров белгилегендей, Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну калыбына келтирүү боюнча казап тарап менен макулдашууга жетишилген, акыркы чечимди Россия тарабы чыгарат.

“Биз эмгек мигранттарынын эле эмес, жалпы жарандардын каттоосун жеңилдетүүнү каалап жатабыз”. – деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий