• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан-Сингапур кызматташтыгына 25 жыл

Президент 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Сингапур Республикасынын Президенти Тони Тан Кен Ям өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каттары менен алмашышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кыргызстан менен Сигапурдун ортосундагы достуктун жана өз ара урматтоонун салттарына негизденген мамилелер өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгын көздөгөн өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн келечеги кең экендигине ишенем”,-деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин куттуктоосунда.

Алмазбек Атамбаев Сингапурдун Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми достук мамиледеги Сингапур элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өз кезегинде Президент Тони Тан Кен Ям өз куттуктоосунда Сингупур менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштар 25 жылдын аралыгында эки тараптуу деңгээлде дагы, эл аралык аренада дагы бекемделгендигин белгиледи.

“Өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосунда бекем байланыш орнотулган. Экономикалык кызматташуу өнүгүп жатат жана Сингапур менен Евразиялык экономикалык бирлигинин ортосунда эркин соода тууралуу Келишим боюнча сүйлөшүүлөр аяктагандыгына жараша мындан ары чыңдала берет. Бул Сингупур менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамиленин жана тыгыз кызматташуунун далили болуп саналат”,- деп айтылат Сингапурдун Президентинин куттуктоосунда.

Тони Тан Кен Ям эки элдин өз ара жыргалчылыгын көздөп өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоо боюнча биргелешип иштейбиз деген ишенимин билдирип, Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий