• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Сентябрь” телеканалы обого чыкпай калды

Коом 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. 28-августка караган туну “Сентябрь” телекомпаниясынын сигналы өчүрүлдү. Бул тууралуу аталган телеканалдан кабарлашты. 22-августта Бишкектеги Биринчи май райондук соту телеканалдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу.

Телеканалдан кабарлашкандай, алар өз ишмердүүлүгүн интернетте “Жалбырак ТВ” ат менен улантышмакчы.

“Сентябрь” телеканалы 1 жыл беш ай иштеди. 2016-жылдын 1-апрелинен тарта Бишкек жана Чүйдө, акыркы бир нече айдан тарта бардык республика боюнча көрсөтүлө баштаган.

Пикир

Оставить комментарий