• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акын Түмөнбай Байзаковго көзү өткөндөн кийин "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды

Президент 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Акын, котормочу Түмөнбай Байзаковго көзү өткөндөн кийин "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачуу учурунда билдирди.

“Жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койдум. Мен мындай кадам көрүнүктүү инсандын эмгегин баалоого, ошол эле учурда ысымын түбөлүккө сактоого багытталган туура чечим болду деп эсептейм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий