• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы жаңы Ислам маданий борборуна барды

Президент 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта жумушчу сапарынын алкагында атасы Мусталый уулу Нуркожо ажынын ысымы ыйгарылган Жалал-Абад шаарындагы жаңы Ислам маданий борборуна барды.

Борбор менен таанышуу учурунда мамлекет башчысы Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунарын эске алуу менен мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болорун белгиледи. Бул ислам борбору калк арасында диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган.

Президент Садыр Жапаров Борбордун эки кабаттуу жаңы имараты менен таанышты. Биринчи жана экинчи кабатта намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Ушул эле жерде мамлекет башчысы намаз окуду.

Мындан тышкары, жер төлөдө имамдардын ыңгайлуу билим алуусу үчүн бардык шарттар менен 3 бөлмө жабдылып, борбордун аймагында чет элдик коноктор үчүн жатакана да салынган. Объекттин курулушу 2022-жылдын августунда башталып, 2023-жылдын августунда толугу менен бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий