• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн 3 жылдык мөөнөткө электр энергия алууда

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан суу сактагычындагы суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн коңшу өлкөлөрдөн 3 жылдык мөөнөткө электр энергия алууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, суунун тартыштыгына байланыштуу Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергияны импорттоо боюнча сүйлөшүү жүрдү.

“Казак тарап электр энергиянын баасын 2,9 цент, өзбек тарап 3 центти белгиледи. Биз бул баага макул болгон эмеспиз. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде товар алмашуу механизмине токтолдук. Быйыл Казакстан Кыргызстанга 900 млн кВт саат электр энергияны берет. 900 млн кВт саатты алсак, Токтогул суу сактагычында эквиваленттүү көлөмдө сууну толтура алабыз. Анткени өзүбүздүн гидроэлектростанцияларыбызды токтотуп, сууну толтурабыз”, - дейт ал.

Турдубаев Казакстандан алган электр энергия 3 жылда кайра кайтарылып берилерин маалымдады.

“300 млн кВт сааттан берип, 3 жылда кутулабыз. Аны берүү үчүн кайра эле трубинаны иштетип, чогулган сууну агызуу керек. Казак тарап менен жалпак тил менен айтканда, бекер товар алмашууга сүйлөштүк. Электр энергиянын баасы 1 кВт саатка 0,0000001 долларды түзөт. Бул деген нөль дегенди түшүндүрөт. Бирок Казакстандан Кыргызстанга ал электр энергияны жеткирүү транзити үчүн казак тарап өзү төлөйт. Кайра кайтарганда да Казакстан төлөйт деп сүйлөштүк. Транзит үчүн Кыргызстан болжол менен 1,5 млн долларга пайда көрөт”, - деди министр.

Министр белгилегендей, ушул эле принцип менен Өзбекстандан 750 млн кВт саат электр энергияны кошумча алуу боюнча сүйлөшүлгөн.

“Анын негизинде бүгүн биз 628 млн кубометр сууну сактап калдык. Себеби 11-марттан баштап электр энергияны ала баштадык. График боюнча келе баштады. Март айында алынган 269 млн кВт саат электр энергия менен 327 млн кубометр сууну сактап калдык. Апрелде 305 млн кВт саат электр энергия алдык”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий