• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөт башчылары туристтик тармакты өнүктүрүү келечегин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.18. /Кабар/. Астана шаарында (Казакстан Республикасы) кечээ, 17-августта, Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жетинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгы астында өттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө эки өлкө кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыты катары саналган туризм тармагын өнүктүрүү маселесине токтолду.

«Туризмди биргеликте өнүктүрүү үчүн комплекстүү чараларды кабыл алуу керек деп эсептейбиз. Аталган маселе боюнча келишим долбоорун иштеп чыгууну сунуштайм. Туристтик тейлөөлөрдү жана продуктуларды алга жылдыруу, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өлкөлөрдүн туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдоо, туризм жөнүндө жагымдуу пикир түзүү, туризм тармагына оңдуу таасирин тийгизүүчү биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл», – деди Өкмөт башчы.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевдин пикирин колдоого алып, аймактык туристтик маршруттарды өнүктүрүү артыкчылыктуу милдеттердин бири экендигин белгиледи.

«Эки өлкө аймагы аркылуу Хан-Теңир чокусуна карай кетүүчү туристтик маршрут өз ара пайдалуу кызматташтыктын мыкты үлгүсү боло алат. Буга катар чек арадагы жалпы пайдалануудагы туристтик жолдордун пайдалануу тартиби маселеси чечилбеген бойдон калууда. Бул маселе биздин мамлекеттер тараптан 7 жылдан ашуун талкууланып келет жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Биз жакынкы арада тийиштүү документтерге кол коюуга жетише алабыз деген ишеничтебиз», – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий