• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешмесинде бир катар документтерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 01.04.22./Кабар/. Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Тизмеси:

⁃ Кыргыз Республикасынын Президентинин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү кеңешмесинин протоколу;

⁃ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан Республикасы тарабынан жүргүзүү тууралуу келишим;

⁃ Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө ноталар менен алмашуу.

Пикир

Оставить комментарий