• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Вашингтондо: Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактайт жана “ар бир тамчы маанилүү” принцибинде иш алып барат. Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) суу тармагын өнүктүрүү боюнча тегерек столдо билдирди.

Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүк, санитардык шарттарды жакшыртуу жана ирригациялык системаны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын катышуучулары айткан маалыматка караганда, “суу күн тартибинин” негизги көйгөйү – бул каржылык ресурстардын жетишсиздиги гана эмес, суу ресурстарын эффективдүү эмес башкаруу.

Бул багытта Жапаров көпчүлүк өлкөлөрдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

“Биз өлкөнүн калкын климаттын өзгөрүшүнүн таасирине даярдоо үчүн саясатыбызды, жоболорубузду жана институттарыбызды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Быйыл 2040-жылга чейин Суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, суу менен камсыздоо жана санитария жөнүндө мыйзамдар иштелип чыкты. Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу милдеттери жана суу ресурстарын үнөмдөөгө жана эффективдүү пайдаланууга өбөлгө түзгөн климаттык долбоорлоо стандарттары эске алынат”, - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Белгилей кетсек, иш-чара Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында өттү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарында (Америка Кошко Штаттары) ушул жылдын март айында өткөрүлгөн Суу конференциясынын жүрүшүндө демилгеленген кеңири диалогдун логикалык уландысы болду.

Пикир

Оставить комментарий