• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда 13-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 13-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдордор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ысык-Көл облусунда +18…+23, Нарын облусунда +17…+22 градус болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын табы +25…+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий