• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2 жана 3-январь эс алуу күндөрү болот

Коом 0

Бишкек, 22.12.17. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн “Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө” КР өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Бул токтом менен мамлекеттик бюджеттен каржыланган беш күндүк тартипте иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жумушчулары үчүн 2017-жылдын 30-декабрь жана 2018-жылдын 8-январы эс алуу күндөрү 2018-жылдын 2 жана 3-январь иш күндөрүнө жылдырылды.

Жеке менчик тараптар үчүн бул иш графиги сунуш мүнөзүнө ээ. Чечим эс алуу жана иш күндөрүн үнөмдүү пайдалануу максатында кабыл алынды.

Ошентип, кыргызстандыктар 2017-жылдын 31-декабрынан 2018-жылдын 3-январына чейин эс алышат.

Пикир

Оставить комментарий