• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2022-жылы дыйкандарга 26 млрд сомго жеңилдетилген насыя берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жыйынында 2022-жылы дыйкандарга жылдык 6%дык чен менен жеңилдетилген насыя катары 26 млрд сомго жакын каражат берилерин белгиледи.

Анын айтымында, ирригациялык тутумду оңдоо жана башка тиешелүү иш-чараларга 1 млрд сом, үрөн сатын алууга 1,5 млрд сомго жакын жана минералдык жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сомго жакын каражат бөлүү пландалууда.

Ал Мамлекеттик материалдык резервдин кору дайыма жаңыланып турарын белгиледи. Азык-түлүк коопсуздугу маселесине байланыштуу Акылбек Жапаров министрлер кабинети азык-түлүктүн негизги 9 түрү менен камсыздоо боюнча чарларды кабыл алып жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий