Кыргызстанда 24,1 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алат

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда кош бойлуулук, төрөт жана расымдык жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 2020-жылдын 1-сентябрына карата 24,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алуучулардын саны - 22,3 миң адам, расымдык жөлөкпул – 1,8 миң адам.

Министрликтин маалыматы боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 10 273,7 сомду түзгөн. Расымдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү - 3 423 сом.

Каржыланган жөлөкпулдардын жалпы суммасы - 235,8 млн сомду түзсө, алардын ичинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга - 229,6 млн сом жана расымдык жөлөкпулга - 6,2 млн сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий