Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 3 миң 724 кычкылтек концентратору, 508 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Биз мурда 2 миң 250 кычкылтек концентраторуна муктаждык бар деп айтканбыз. Учурда 3 миң 724 кычкылтек концентратору бар. 127 СИПАП аппараты, 508 жасалма дем алдыруучу аппарат бар", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий