• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финпол: Гумжардамдар базарда сатылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.20./Кабар/. Учурда социалдык тармакта гуманитардык жардамдар республиканын базарларында сатылып жаткандыгы тууралуу баяндалган видео тарап жатат. Аталган фактыга байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү (Финпол) кызматы текшерүү жүргүзгөн.

Финполдон кабарлашкандай, комплекстүү иш-чаранын алкагында сатылып жаткан товарлар гуманитардык жардамга эч кандай тиешеси жок экендигин аныкталган. Алар өлкөнүн ишкерлери тарабынан мыйзамдуу негизде алып келинген жана тиешелүү документтер көрсөтүлгөн.

Финпол медициналык препараттардын баасын негизсиз жогорулаткандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий